Биз жөнүндө

SEICO коомдук уюм – бул граждандык жана жергиликтүү коомчулукту бекемдөөгө багытталган, социалдык – коомдук чөйрөдө кызматташуу жана интеграциялоо багыттында иштеген коммерциялык жана мамлекеттик эмес уюм.

SEICO коомдук уюму Швейцария Кызыл Крест жана Швейцария кызматташуу Бюросунун колдоосу менен Кыргыз-Швейцария саламаттыкты сактоо долбоорунун инженерлеринин демилгеси менен 2010-жылы түзүлгөн.

Биздин команда 2002 -2014 –жылдар аралыгында 200 дөн ашык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырган, анын ичинде айылдык мончолор, ФАП/ҮБДТ, таза суу менен камсыздоо, спорттук аянтчалар жана залдар уюштурулган жана оӊдоо иштери жүргүзүлгөн, ошол эле долбоордун алкагында 600 дөн ашык тренингдерди жана семинарларды өткөргөн.

Биздин тажрыйбанын кыскача таржымалы:

2002 – 2010 – жылдар аралыгында – Нарын жана Талас облустарында 150 дөн ашык инфраструктуралык долбоор ишке ашырылган;

2011 – жылы – Чүй облусунун айылдарында 20 дан ашык инфраструктуралык долбоор ишке ашырылган;

2012 – жылы – Ош облсунун айылдарында 15 тен ашык инфраструктуралык долбоор ишке ашырылган;

2013-2014-жылдар аралыганда Баткен облусунда 15 тен ашык инфраструктуралык долбоор ишке ашырылган.